Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов экономикалык амнистия жөнүндө мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов экономикалык амнистия жөнүндө мыйзамга кол койду. Документ буга чейин Жогорку Кеңеште   3 окууда жактырылган. Эске салсак, мыйзам салык төлөбөгөн же башка экономикалык кылмыштарды жасаган ишкерлерди жоопкерчиликтен бошотууга шарт түзөт.

 

Болгону, ал мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп кайтарып бериши керек. Экономикалык амнистия ишкерге бир гана жолу колдонулат.