Парламент депутаттары референдумду жаңы Конституция долбоорунун талкуусу аяктагандан кийин белгилейт

Парламент депутаттары референдумду жаңы Конституция долбоорунун талкуусу аяктагандан кийин белгилейт. Бул тууралуу 24 агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.

 

Белгилүү болгондой, бүгүн эл өкүлдөрү конституциялык кеңеш тарабынан берилген Негизги мыйзамдын вариантын  кароого алат. Анда айрым талаш жараткан болүмдөр алынат.

 

Талкуу 9-мартка чейин уланат. Ал эми 10-мартта депутаттар референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышы керек. Ал жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо менен бир күндө өтөт – 11-апрелде. Бюллетенге бир гана суроо жазылат: “Жаңы Конституциянын долбоорун колдойсузбу – ооба же жок”.