Садыр Жапаров Жаңы Конституцияга кол койду

 


Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрель күнү жалпы элдик референдум өтүп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган.

 

Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактары катышууда. Буга чейин президенттин маалымат кызматы эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калып жатканына байланыштуу чакырылган коноктор ПЦР-анализ тапшырышканын билдирген.