Республикада жалпы республикалык тестирлөө үчүн 117 тест борбору ачылды

Республикада жалпы республикалык тестирлөө үчүн 117 тест борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди. Анын айтымында, 47 миң абитуриенттин катышуусу күтүлүүдө.

 

Эске салсак, Жалпы республикалык тестирлөө 24-майдан 28-майга чейин өтөт. Андан тышкары, 23-26-май аралыгында кошумча каттоо жүргүзүлөт.