Таласта алты жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп каалагасын ачуу алдында турат

Таласта алты жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп каалагасын ачуу алдында турат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Талас районунун Арал айылындагы Касымкул Нанаев атындагы мектепти ушул жылдын аягына чейин ачып, билим берүү процессин баштоо пландалууда. 107 миллион сомго курулган мектеп  450 окуучуга эсептелген.