Бишкекте алдыдагы күндөрү өтө турган саясий иш-чаранын алкагында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкекте алдыдагы күндөрү өтө турган саясий иш-чаранын алкагында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бирок көпкө эмес, дешет бийликтегилер – болгону 5-10 мүнөткө.

 

Жол кыймылыныны коопсуздугун камсыздоо башы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраиловдун айтымында, “Манас” проспектисинен Бишкекке чейинки трасса, Жибек Жолу, Чүй, Айтматов проспектилери, Жаш Гвардия бульвары жана Абдрахманов көчөсү унаа кыймылына жабылат.