Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо быйыл аякташы күтүлүүдө

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо быйыл аякташы күтүлүүдө.

 

Президент Садыр Жапаров Унаа жана жолдор министрлигине аталган жолду реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

 

Маалыматка ылайык, учурда жолдун жалпы узундугу 52 жарым чакырымдан калган 7,4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда.

 

Калктуу конуштардагы реконструкцияланган жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3 жарым метрди түзөт.