Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 20-февралга чейин Бишкек – Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу жана Казарман — Актал-Чат унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Бул каттамдар менен сапарга чыга турган айдоочулар унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап жүрүшү керек.