Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат режими улана берет

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат режими улана берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, айрым эрежелер жумшарганы менен, коменданттык саат жана уруксат кагазын алуу системасы өзгөрүүсүз калат.

 

Чиновник белгилегендей, постторду алып салса, коронавирус жайылып, абалды көзөмөлгө алуу кыйынга турат.

 

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.