Төө-Ашуу жана Боом капчыгайында туман түшүп, жолдорго муз тоңуп, кар жаашы күтүлүүдө.
Аба-ырайынын начарлашын синоптиктер бүгүн жана эртеңки күнгө болжолдоодо. Мындан улам, Бишек-Ош жана Бишкек-Торугарт унаа трассаларына чыгууну пландаган айдоочуларга этият болуп, ылдамдыкты ашырбай, унаалардын ортосундагы аралыкты сактоо сунушталат.
Сөзсүз түрдө жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу кажет.