Республика боюнча жол кыймылын көзөмөлдөөчү күчөтүлгөн рейд башталды

Республика боюнча жол кыймылын көзөмөлдөөчү күчөтүлгөн рейд башталды.

Бул тууралуу novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын

басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө катталган кырдаалга байланыштуу,

аймактарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Анда унаалардын

мамлекеттик номуру бар же жогу, айдоочунун тиешелүү документтерине жана ылдамдыкка

басым жасалууда. Андыктан, айдоочуларга унаа башкарууда эрежени сактоо сунушталат.