Быйыл жылуулук үчүн калкка тарифтер өзгөрүлбөйт

Быйыл жылуулук үчүн калкка тарифтер өзгөрүлбөйт.

1 гигакалория үчүн 1 миң 134 сом өлчөмүндө сакталат.

Мындай чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Бирок, кийинки жылуулук берүү сезонунан баштап,

калк үчүн тарифтер жылына 10 пайыздан көтөрүлөт.

Орточо алганда бир бөлмөлүү батирдин жылуулугу үчүн

төлөмдөгү айырма айына 82 сомду же бир сезон үчүн

410 сомду түзүп калат. Ошондой эле быйыл ысык суу үчүн

дагы баа өспөйт. Бирок кийинки жылдан тартып 14 пайызга көтөрүлөт.

Тарифтерди көтөрүүдөн түшкөн киреше жылуулук тармактарын

калыбына келтирүүгө жана модернизациялоого, жаңы

керектөөчүлөрдү кошууга жардам берет, — деп

кошумчалашты министрлер кабинетинен.