Россияда 1-июлдан тарта айдоочулар үчүн бир катар жаңы эрежелер күчүнө кирет

Россияда 1-июлдан тарта айдоочулар үчүн бир катар жаңы эрежелер күчүнө кирет.

Оң рулдуу самосвал, курулуш техникаларын, кичи автобустарды, краны бар жүк ташуучу

унааларды жана автобустарды Россиянын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.

Муну менен катар унаага газ баллонду, алдына жана артына машина сүйрөөгө

ылайыкталган жабдууларды жана багажникти атайын лабораториянын

текшерүүсүнөн кийин гана орнотууга уруксат берилет.