Түп районундагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү түйүнүнө интернет тартылып жатат.
Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ишканасынын аймактагы филиалынан билдиришти.
Долбоорго өнүктүрүү фондунан 300 миң сом, ишкана тарабынан 1 миллион 880 миң сом каралды.
Эми жакынкы аралыкта кыргыз-казак чек-арасындагы түйүндүн толук кандуу иштөөсүнө бардык
шарттар түзүлөт. Оптика-волокондук чубалгыларды тартуу иштери кийинки айга чейин бүтүп калат