Пенсионерлер жолдо жүрүү карталарын акимчиликтен жана аймактык муниципалдык башкармалыктан ала алышат.
Мэриядан билдиришкендей, картаны алууда санитардык талаптар сакталат. Аймактык муниципалдык
башкармалык бир күндө 80ден ашык эмес пенсионерди кабыл алса, акимчиликте 50дөн көп эмес
адамга берилип жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 6 миңден ашык пенсионер жолдо жүрүү карталарына ээ болду.