Россияда Instagram жабылат.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, социалдык тармак аталган өлкөдө 14-марттан тарта толугу менен бөгөттөлөт.
Бийлик мунун себебин Украинадагы абалдан улам орус аскерлерине карата зомбулукка үндөгөн чакырыктар менен байланыштырууда.
Буга чейин Facebook менен Twitter түйүндөрүнө чектөө киргизилген.