Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу учурлары азайбаса, өзгөчө абал режими узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу учурлары азайбаса, өзгөчө абал режими узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Ал белгилегендей, аны узартпоо үчүн жарандар санитардык-карантиндик талаптарды аткарышы зарыл.

 

Адамдар үйлөрүнөн өтө зарыл болгон учурда гана чыгышы керек, — деди чиновник. Белгилеп кетсек, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.