Карим Бензема Франция курамасынан кетиши мүмкүн

Быйыл «Алтын топту» алган француздардын жылдыздуу чабуулчусу Карим Бензема улуттук командадагы карьерасын аякташы мүмкүн.

Бул тууралуу чет элдик журналисттер жазышууда.

Маалыматка ылайык, мындай чечимге башкы машыктыруучу Дидье Дешам менен болгон конфликт себеп болушу мүмкүн.

Бенземанын президент Эммануэль Макрондун Катарга команданы колдоо үчүн келүү сунушунан баш тартканы да ушуга байланыштуу экени айтылууда.

Футбол боюнча быйылкы дүйнө чемпионатынын финалында Франция курамасы Аргентинага утулуп калды.