Россиялык S7 Airlines авиакомпаниясы бардык каттамдарын токтотту

Россиялык S7 Airlines авиакомпаниясы бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга болгон учууларын токтотту. Бул тууралуу компаниянын телеграм-каналында кабарланды.

 

“Аткарылбай калган каттамдардын жүргүнчүлөрү авиакомпания кабарлама алышат. S7 Airlines авиакомпаниясынын бардык филиалдарында биздин адистер алар менен иш алып барууда. Алар туристтерге биздин өнөктөш-авиакомпаниялардын каттамдары аркылуу үйүнө кайтуусуна жардамдашууда. Аткарылбай калган эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү билет үчүн төлөгөн акчасын толугу менен кайтара алышат”, — деп айтылат билдирмеде.

 

Мунун алдында орусиялык Smartavia авиакомпаниясы да каттамдарынын баарын токтотконун жарыялаган. Ага чейин «Аэрофлот» авиакомпаниясы Европага жана Канадага учууларын токтотконун жарыялаган.

 

Авиакаттамдарды токтотууга Европа мамлекеттеринин аба мейкиндиктерин жабуусу жана Евробиримдиги менен АКШ баштаган мамлекеттердин санкциялары себеп болду. Санкциялар россиялык авиакомпанияларга учактарды, аларга тетиктерди жана жабдууларды сатууга тыюу салат. Мындан сырткары учактарга ээлик кылган компаниялар россиялык компаниялардан лизингге берилген транспортторду кайтарууну талап кылып жатат. Анын ичинде S7 Airlines авиакомпаниясынын A320 лайнери Ереванда камакка алынган.