Улуттук банк кезектеги ирет интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги ирет интервенция өткөрдү. Сомдун курсун туруктуу кармоо үчүн өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ валюта рыногуна дагы   55 миллион доллар чыгарды.

 

Учурга карата интервенция натыйжасын бере элек. Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары долларды 96 сом 80 тыйынга сатып алып, кайра 98 сом 50 тыйынга сатышууда.

 

Ал эми Улуттук банк орноткон расмий курс 97 сом 67 тыйын. Украинадагы абалдан улам орус экономикасы басымга учураган сайын кыргыз сомунун куну дагы төмөндөп жатат. Бир жумада эле доллар 13 сомго кымбаттады.