Өсүмдүк майы март айынан бери 5,5 пайызга кымбаттады

 

Өлкөдө март айынан 12-апрелге чейин өсүмдүк майы 5,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.

 

Март айынын башында майдын баасы бир литри 157 сом 6 тыйынды түзсө, 12-апрелге карата 166 сом 3 тыйынды түзгөн.

Баанын өсүү себептери:

 

Чет элдик валюталардын курсунун жогорулашы;

 

Өлкө импортко көз каранды (Орусия жана Казакстандан импорттолуп келет);

Товарды импорт кылган өлкөлөрдөгү дүң баалардын жогорулашы;

Жеткирүүчү өлкөлөрдүн импорттук товарга чектөө киргизиши;

Логистиканын кымбатташы;

Агенттиктен билдиришкендей, өлкөдө өсүмдүк майынын запасы жетиштүү.