Муфтият ажылыкка кезекте тургандарды вакцина алууга чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга барчуларга бир катар жаңы талаптарды киргизгенин билдирди. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин маалыматына караганда, ажылыкка барчулардын жашы 65 жаштан жогору болбошу керек жана ПЧР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт.

 

Муфтият ушундан улам 2019-2020-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлерди алдын ала COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлигинин талабына ылайык, алар Pfizer-BioNTech, Moderna, Oxford-Astrazeneca, Janssen вакциналарын алышы керек.

 

Сауд Арабиясы быйыл ажылык сапарга 1 миллион адамды кабыл алууга даяр экенин билдирген. Бирок азырынча бир да мамлекетке квота бөлө элек. Муфтият Кыргызстанда коронавируска байланыштууу абал туруктуу экенин эске алып, квота бөлүнөт деп күтүп жатат.

 

Сауд Арабиясы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы зыяратчыларды кабыл алууну токтотуп, эки жыл мурунку ажылыкка Сауд Арабияда жашаган жергиликтүү жана чет өлкөлүк 10 миңдин тегерегинде гана адам катышкан. Ага чейин жыл сайын ажыга 180 өлкөдөн эки миллиондон ашуун мусулман келчү.