Кыргызстанда аялдар билимдүүрөөк

Кыргызстанда аялдар билимдүүрөөк. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, иштеген жарандардын арасынан карай турган болсок, Кыргызстанда кесиптик билими бар эркектерге караганда аялдар басымдуулук кылат.

 

Тагыраагы, иши бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.  Учурда кыргызстандык кыз-келиндер көбүнчө билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттыкты сактоо, маданият, искусство, тейлөө сыяктуу адистиктерде окушат.