Новосибирск шаарынан кыргызстандыктарды алып келүү макулдашылды

Новосибирск шаарынан кыргызстандыктарды алып келүү макулдашылды. Тышкы иштер министрлиги Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган кыргызстандыктарды алып келүү маселеси сүйлөшүлгөнүн маалымдады.

 

Бирок канча жаран алынып келери айтылган жок. Бүгүн  Россия Кыргызстандагы өз жарандарын алып кетүүнү пландап жатат. Ошол учак келатканда Новосибирсктеги мекендештерди ала келмей болду.