Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров мугалимдерди жана билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Президент Кыргызстанда ишине берилип иштеген мугалимдер көп экенин белгилеп, алар бүт өмүрүн, бар күч-дараметин жаштарга таалим-тарбия, терең билим берүүгө арнаган адамдар экенин айткан.
«Өлкөбүздүн билим берүү системасынын өзөгүндө кайталангыс улуттук баалуулуктардын сакталышына маани беришибиз кажет. Ошол эле маалда дүйнөдөгү билим берүү процессинин алдыңкы тажрыйбаларын, жаңычыл ыкмалар менен жогорку технологияларды колдонууга ачык болушу зарыл. Бүгүнкү күндө мугалимдерибиз болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн, заман талап кылып жаткан технологиялык жетишкендиктерден ар дайым кабардар болуп, өзүн-өзү дайыма өркүндөтүп-өстүрүп турушу керек. Урматтуу улуу кесипти аркалаган агай-эжейлер, мээнеттүү ишиңиздердин акыбети кайтсын, албан-албан ийгиликтер, кубанычтуу жетишкендиктер коштосун», — деп жазылат куттуктоодо.
Мамлекет башчы билим берүү кызматкерлерине чың ден соолук, чыгармачыл ийгилик, жаратмандык каалаган.