Алайда жер көчкү кооптуулугу бар аймактар изилденүүдө

Ош облусу боюнча жалпы 470тей жер калктуу конуштарга кооптуулук жаратат, анын ичинен 94ү Алай районунда катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда адистер аталган райондо жер көчкүлөргө изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, кечээ Алай районундагы Куш-Шоро айылында эски жер көчкүсү активдешип, 2 турак үйгө коркунуч жаралган.