Эверестти дагы бир кыргызстандык багындырды

Эверестти дагы бир кыргызстандык багындырды. Ишкер Кадыр Сайдилкан кечээ аталган чокунун эң бийик жерине чыкканын анын жакындары Интернетке жазды.

 

Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөтүндө Сайдилкан калпак кийип, Кыргызстандын туусун жана Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун китебин кармап турганын көрүүгө болот.

 

Эске салсак, Эверест чокусун буга чейин 2021-жылы кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов багындырган.