Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча келишимди ратификациялап, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды.
Парламенттин жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору дароо үч окууда каралды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.
Чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндөгү келишимге 18 депутат каршы добуш берип, 65и колдоду.
Документтер президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.