Ошто Кайгуул милиция ишин ушул жылдын 1-декабрында баштайт

Ошто Кайгуул милиция ишин ушул жылдын 1-декабрында баштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма-сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, бугүнкү күнгө карата 129 талапкер тандоонун биринчи турунан ийгиликтүү өттү.

 

Алар окууга жөнөтүлдү. Талапкерлер мыйзамдарды, буйруктарды жаттап, протокол түзүүгө, атууга жана өзүн коргоого үйрөтүлөт. Зачетторду тапшыргандан кийин алар ишке алынат.