Кыргызстанда экологиялык таза Асман шаарынын курулушу боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлдү

Кыргызстанда экологиялык таза Асман шаарынын курулушу боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

 

Документке ылайык, дирекциянын кеңсеси Балыкчы шаарында орун алат. Жаңы кызмат шаардын курулушу боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишин көзөмөлдөп, инвестицияларды тартып, мониторинг жүргүзүп, долбоорду ишке ашыруу жумуштарына баа берет.