Саламаттыкты сактоо министрлиги жакынкы арада 300 жеке медициналык клиниканы жабат

Саламаттыкты сактоо министрлиги жакынкы арада 300 жеке медициналык клиниканы жабат. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алыкадыр Бейшеналиев жарыялады.

 

Анын айымында, мындай чечим пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен кабыл алынды. Бейшеналиев белгилегендей, жеке клиникалардын болгону 4 пайызы лицензияга ээ болуп, саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына жооп берет.

 

Калгандары көптөгөн бузуулар менен же такыр эле лицензиясы жок иштеп келген.