Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жеке жактар үчүн кийинки жылдын биринчи апрелине чейин узартылды

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жеке жактар үчүн кийинки жылдын

биринчи апрелине чейин узартылды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей,

былтыркы жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө жетишпей калган

жеке жактар 2021-жылдын  биринчи апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн

эки декларация тапшыра алышат. Жеке жактардын категориясына мамлекеттик жана

муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патенттик негизде салык төлөөчүлөр,

ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар кирет.