Президенттин Өзгөчө абал режимин узартуу жарлыгын Жогорку кеңеш колдоду

Президенттин Өзгөчө абал режимин узартуу жарлыгын Жогорку кеңеш колдоду.

Эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда

өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин күчүндө болот. Бүгүнтөн тартып аталган мөөнөткө чейин

Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал жарыяланды. Аталган аймактарда

жашаган жарандар коменданттык саат учурунда көчөдө жүрүүгө болбойт. Күндүз бир гана дүкөн,

дарыкана жана ооруканага чыкса болот. Жанында сөзсүз маршруттук баракча болушу зарыл.