Кыргызстандын эмгек мигранттарына Россияда жүрүү мөөнөтү узартылат.
Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.
Такталгандай, мигранттарга 15-сентябрдан кийин учурдагы документтерине дагы 185 күн кошулат.
Бул мөөнөттө алар укуктуу болгон абалга каттала алат.
Ошондой эле жыл аягына чейин мигранттар депортацияланбайт.