Санарип документтер кагаз документтерине теңелет. Санариптик өнүктүктүрүү министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документтин электрондук вариантынын негизги артыкчылыгы – колдонуудагы ыңгайлуулук жана убакытты үнөмдөө.
Ошондой эле, мындай документ коопсуз болуп саналат. Учурда сыноо режиминде паспорт, унааны каттоо боюнча күбөлүк, пенсиялык күбөлүк жана вакцинация жөнүндө сертификаттын электрондук варианттары жеткиликтүү.