Россия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамына уруксат берди

Россия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамына уруксат берди.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев Жогорку Кеңеште билдиргенин “Азаттык” жазды.

Маалыматка ылайык, темир жол каттамы майдын башында жанданышы күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек-Москва поезд каттамы 2023-жылга чейин иштебейт.

Мунун себеби Россия өзүнүн темир жолун оңдоп-түзөп жатканына байланыштуу.

Эске салсак, жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган.