Бүгүн орто кесиптик окуу жайларга тапшыруунун үчүнчү туру башталды

Бүгүн орто кесиптик окуу жайларга тапшыруунун үчүнчү туру башталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, автоматташтырылган порталга 162 колледждин профили жайгаштырылган.

 

“Абитуриент online” системасында жазылгандай, быйыл окууга кабыл алуу планына ылайык грант негизинде 4 миң 20 орун, келишим негизинде 72 миң 238 орун каралган.