Мигранттар үчүн өлкө аймагында 9 маалымат күркөсү иштеп жатат

Мигранттар үчүн өлкө аймагында 9 маалымат күркөсү иштеп жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен аэропортторунда, темир жол бекетинде, жарандарды ишке орноштуруу борборлорунда орнотулган.

 

Күркөлөр жарандарга миграция чөйрөсүндөгү укуктары жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги жөнүндө маалымат берет.