Шри-Ланканын президенти кызматтан кетүү тууралуу арызын парламентке электрондук почта аркылуу жөнөттү

Шри-Ланканын президенти кызматтан кетүү тууралуу арызын парламентке электрондук почта аркылуу жөнөттү. Маалыматка ылайык, учурда билдирүүнүн аныктыгын тактоо аракеттери жүрүп жатат.

 

Эске салсак, 22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланканын борбору Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алган.

 

Буга өлкөнүн катаал экономикалык кризиске келгени себеп болду. Президент Готабаи Ражапакса абалды турукташтыруу аракетин көрүүнүн ордуна, Сингапурга качып кетти.