Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 5 этап менен жүрөт

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 5 этап менен жүрөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчиси 18-июлда башталып, 20-июлда аяктайт.

 

Экинчи этап – 25-27-июлда, үчүнчүсү 1-8-августта, төртүнчүсү 8-10-августта жана жыйынтыктоочу айлапма 15-20-августка туура келет. Документтер онлайн кабыл алынат.

 

Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн “Абитуриент Online” сайтына катталуу керек. Ушул эле сайтта окууга өткөн абитуриенттердин тизмеси жарыяланат. Алар ошол окуу жайда окуй турганын тастыктоого тийиш.