Синоптиктер жайдын соңку айынын аба-ырайы тууралуу айтып беришти

Синоптиктер жайдын соңку айынын аба-ырайы тууралуу айтып беришти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, августта республиканын түндүгүндө күндүз термометр мамычалары +34 градусту, түнкүсүн +22 градусту көрсөтөт.

 

Ал эми түштүктө күндүз 37 градуска чейин күн ысыса, түнкүсүн дагы жылуу болот — +15…20 градус.

 

Жаан-чачын норманын тегерегинде болот, андыктан, эс алуу өргүүңүздү Ысык-Көл жээгине пландай берсеңиз болот, — дешет синоптиктер.