Социалдык келишимдин негизинде жардам эми Кыргызстандын бардык аймагында көрсөтүлөт.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, буга чейин долбоор өлкөнүн эки облусунда гана пилоттук режимде ишке киргизилген.
Программанын алкагында аз камсыз үй-бүлөлөргө жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сомдон берилди.
Бул аларга жакырчылыктан чыгып, жеке бизнесин жүргүзүүгө жардам берди.