Москвада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, кечээ, 3-августта Россиянын Москва облусунда жайгашкан маркетплейстин кампасынан өрт чыккан.
Анын кесепетинен миңдеген сатуучулардын жана сатып алуучулардын мүлкү күлгө айланган.
1 миңге жакын адам жалын бүт имаратка тарай электе эвакуациялоого жетишкен.
Бирок 10дон ашык киши жабыркаганы кабарланды.
Өрт 18 сааттан кийин гана өчүрүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.