Кыргызстанда жеңилдетилген насыялар 25-июндан тартып бериле баштайт.
Алар өндүрүш, кайра иштетүүчү, экспортко багытталган жана медициналык буюмдарды
чыгара турган ишканаларга жеткиликтүү болот. Тизмеде туризм жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган
тармактар да бар. Мындан тышкары соода жана тейлөө тармагы да жеңилдетилген
насыяны алышы ыктымал, — деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
Насыяны өлкөдөгү банк жана микрокредиттик компаниялар өкмөт койгон шарт менен берет.
Ал 6дан 10 пайызга чейин жеткиликтүү болот.