Ош шаарынын бир катар райондорунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Ош шаарында 5-августта бир катар райондордо электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, саат 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү райондордо жарык жок болот: Черемушки, Ак-Тилек кичи райондорунда, Моминов, Амир-Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Абдыкадыров, Пролетарская, Пахта Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев, Навои, Масалиев, Монуев көчөлөрүндө, Монуев №83, №83б көп кабаттуу үйлөрүндө, Дыйкан Кыштак участкасында.