Сокулук районунун Жаӊы-Жер айылынын жашоочулары 700 миӊ сомго тез жардам унаасын сатып алышты

Сокулук районунун Жаӊы-Жер айылынын жашоочулары 700 миӊ сомго тез жардам унаасын сатып алышты.

Айыл өкмөттүн маалыматына караганда, унаа айылдагы ооруканага белек катары берилди.

Демилгени жергиликтүү кеӊештин депутаттары көтөрүп, аны жашоочулар колдошту.

Бул акцияга аймактагы ар улуттун өкүлдөрү жана ар башка кесиптин ээлери катышты.