3 турдун жыйынтыгы менен «Абитуриент Онлайн» системасына жалпысынан 53 миң 12 талон катталды.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиришкендей, алардын ичинен ЖОЖдо окуй тургандыгын
21 миң 795 абитуриент тастыктады. Эми 4 миң 266 абитуриент гранттык негизде,
17 миң 529 абитуриент келишимдик негизде билим алышат.