Москвада дүйнөдөгү эң кичинекей бар пайда болду

Москвада дүйнөдөгү эң кичинекей бар пайда болду.

Мекеменин жалпы аянты болгону 3 чарчы метрди түзөт.

Барга эки кардар жана бармен гана батат.

Конокторго бул жерде классикалык коктейлден тартып автордук суусундуктарга чейин сунушталат.

Алардын айрымдарын берүүнү жарым сааттык шоу коштойт.

Программанын жүрүшүндө кардарлар кабинаны караңгылатып коюуну суранышууда.

Буга коноктор өтүп жаткан шоуну сырттагылар көршүн каалабаганы менен байланыштуу.