“Сосновка” көзөмөл өткөрүү түйүнү кыймылга ачылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда андан
унаанын бардык түрү эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Эске салсак, бүгүн
Бишкек – Ош унаа жолунун Жайыл районуна тиешелүү тилкесине кар
көчкү түшкөн. Андан улам, түйүн убактылуу жабылган.