Каракол-Эңилчек унаа жолунун сел жууп кеткен тилкесинде иштер жыйынтыкталды

Каракол-Эңилчек унаа жолунун сел жууп кеткен тилкесинде иштер жыйынтыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюуга атайын техника тартылган.

 

Бүгүн иштер аяктап, трасса кыймылга ачылды. Эске салсак, 8-сентябрда нөшөрлөгөн жаан жаап, Оттук дарыясынан суу ташыган. Жыйынтыгында, Каракол-Эңилчек жолунун бир бөлүгү жуулуп кеткен.